super.kg logo

Энелер күнүндө аялзаты балдарына ден соолук каалап, бул алар үчүн эӊ негизги байлык экенин айтууда

 
Айнагүл Саматова: "Ушул кичинекей неберем сакайып, эл катары ойноп, жүзүнөн жылмаюу кетпесе экен деп тилеймин. Ишенесиңерби, эч бир душманыма баланын ооруганын каалабайм".
Аида Исхакова: "Курсагымдагы баламдын ар бир кыймылына сүйүнүп, Кудайдан аман-эсен көз жарып алууну тилеймин".
Мила Рахимова: "Менин 3 балам, 6 неберем бар. Албетте, алардын өмүрүн тилеймин. Ушул неберемдин тоюнда сый көрөйүн".
Сапаргүл Исмаилова: "Базарда иштегениме 20 жылдан ашты. Балдарымдын курсагы ток, кийими бүтүн болушун каалаймын".
Лариса Алексеенко: "Менин жалгыз кызым бар. Ошол кызым эңсеген бала жытына жетсин. Көп неберелүү болоюн".
Дилбара Жанышева: "Мен өзүмө узун өмүр тилеймин, анткени мен өлүп калсам кызымды ким карайт?"
Аида Кыдырова: "Балдарыма Кудай ыйман берсин".
Чынара Султанбекова: "Ушул жаңы төрөлгөн наристем аман-эсен чоңоюп, эл керегине жараган инсан болсун".

Бүгүн, 15-майда өлкө аймагында сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн, жылуулуктун жана чыдамдуулуктун символу болгон Энелер күнү белгиленүүдө. Бул жагымдуу майрамда энелер өзүнө эмне каалай тургандыгын сурамжылап, кызыктуу жоопторго ээ болдук.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: