Эл аралык дзюдо федерациясынын Калыстар комитетинин башчысы Бишкекте жергиликтүү калыстарга семинар өттү








Кечээ, 15-майда Бишкекте жергиликтүү калыстардын катышуусунда Эл аралык дзюдо федерациясынын Калыстар комитетинин башчысы Хуан Карлос Баркос жергиликтүү калыстарга Эл аралык федерациянын жетекчилиги астында атайын семинар өттү. Анда кыргыз калыстарына Дзюдо федерациясынын жаңы эрежелери түшүндүрүлдү.
Семинарга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 70 калыс катышты. Ошондой эле семинардын жүрүшүнө КРнын Дзюдо федерациясынын вице-президенттери Жолдошбек Көлбаев, Азат Базаркулов жана Талант Беккулов көз салып отурушту.
Алгач Хуан Карлос Баркос чогулгандарга видеоматериалдарды көрсөтүп, бул спорт түрүндө талаш жараткан ыкмалар боюнча түшүндүрдү. Калыстар кызыктырган суроолоруна жооп алып, талаштуу көрүнүштөр боюнча өз ойлорун айтып жатышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.