Катуу шамалдан улам Чүй жана Талас облусундагы 2 айыл жарыксыз калды
31-мартта катуу шамал болуп, Чүй жана Талас облусундагы айрым айылдар электр жарыгы жок калды. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, бул күнү ылдамдыгы секундуна 14-20 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп, бак-дарактар көмөк чордондоруна кулап, электр чубалгылары үзүлүп кеткен. Атай кетсек, жарыксыз калган айылдар: Ысык-Ата районундагы Кызыл-Арык жана Талас районундагы Каракол айылдары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.