super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-МАЙ: Мындан 87 жыл мурун АКШда биринчи жолу “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өткөн

 

1929-жылы 16-майда АКШда биринчи жолу “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өткөн. Жылына бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты тасмаларга сыйлык тапшыруу тууралуу алгачкы долбоор 1927-жылы май айында пайда болгон. Идея ошол кездеги эң престиждүү "Метро-Голдвин-Мейер" киностудиясынын президенти Луис Мейерге таандык. Ал жыл сайын мыкты тасмаларды эл берген добуштардын жардамы менен тандоонун системин иштеп чыккан. Ошол эле убакта скульптор Жорж Стэнли сыйлыктын символун – “Оскар” статуэткаларын куюп баштаган. Эң алгачкы 15 “Оскар” 1929-жылдын 16-майында 270 адам катышкан чакан кечеде ошол жылдары жарык көргөн тасмалардын ээлерине тапшырылган.

Сыйлык өз атына 1931-жылы гана ээ болгон. Америка кинематография маданияты жана илимдери академиясынын китепканасында иштеген (кийин аталган академиянын мүдүрү болуп дайындалган) Маргарет Херрик статуэтканы көрүп, “менин Оскар таякеме куюп койгондой окшош экен” деген. Ошондон улам сыйлык “Оскар”, эл арасында болсо “Оскар таяке” деп аталып калган.
Түрмөктөлгөн плёнканын үстүндө турган шер жоокердин колунда узун кылыч бар. “Оскардын” бою 34 сантиметр, салмагы 3,8 килограмм. Дайыма алтын жана күмүштөн куюлган “Оскарды” Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда гана баалуу металлдын жетишпегенинен улам колодон куюуга туура келген.
16-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: