Бишкекте унаа менен мотоцикл сүзүшүп, мотоциклдин айдоочусу аман калды
Бишкекте жеңил унаа менен мотоцикл сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 15-майда саат 22:25 чамасында Аалы Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Жол кырсыгынан улам мотоциклдин айдоочусу жаракат алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.
Мындан тышкары ушул күнү жол кырсыгы Лев Толстой менен Бах көчөлөрүнүн кесилишинде да катталып, анын кесепетинен кош бойлуу келин ар түрдүү жаракаттарды алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.