super.kg logo

Ош мэри сууга аккан 9 жашар кызды куткарып калган куткаруучуну сыйлады

 

Бүгүн, 16-майда Ош шааарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Увам каналында агып бараткан 9 жашар Нуризаны куткарып калган ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратовду жана Куткаруу кызматынын нускоочусу Мыктыбек Бекиевди Ардак баракча менен сыйлады.

Мэриядан кабарлашкандай, шаар башчысы куткаруучулардын кылган баатырдыгы менен баары сыймыктана турганын билдирди. "Силер канчалаган табият кырсыктарында эрдик көрсөтүп келесиңер. Көпчүлүк учурда өз өмүрүңөрдү тобокелге салып адам өмүрүн сактап каласыңар. Арабызда силердей баатырлардын көбөйө беришине тилектешмин”, - деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, окуя 17-апрелде саат 14:00 чамасында катталган. Шакиров көчөсүнүн тургуну Нуриза Рыскулова эшик алдында ойноп жатып Увам каналына тобун агызып жиберген. Аны алам деп артынан каналга өзү да түшүп кеткен. Бекиев сууга боюн таштап, аккан кызды алып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
16.05.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Бекиев, сендей эр журок, эр азаматтар кобойо берсин! Ош шаарынын куткаруучуларына алкыш!!!
16.05.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы, дагы жакшы жанында турупсунар куткаруучулар.
16.05.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
16.05.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ардак баракча менен сыйлады...
Жолдош МЭР.Ушул эрдикти бир баракчага ыраа көрдүңүзбү?
Жок дегенде эстелик катары бир баалу буюм берсеңиз да жарашмак.
Куткаруучуларга "РАХМАТ"демекчимин. Ишиңиздерде ийгиликтер жарала берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: