super.kg logo

Кыргыз Республикасы акыркы 5 ай аралыгында өзгөчө кырдаалдардан 49 миллион сомдук чыгым тартты

 

Өлкөдө акыркы 5 ай аралыгында катталган өзгөчө кырдаалдар 49 миллион сомдук чыгым алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдирди.

"2016-жылдын 5 ай аралыгында 50 өзгөчө кырдаал катталды. Бул өзгөчө кырдаалдардын 50 пайыздан көбү соңку мезгилдерде жааган жамгырдын натыйжасында болду. Катталган кырсыктардын ичинен көпчүлүгү сел каптоолор. Сел кесепеттеринен адам өмүрү кыйылган жок. Жол кырсыктарынан 10 адам каза болду. Ал эми калган эки адам жер көчкү жана таш кулоо сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан көз жумган. Сел кесепеттери көбүнчө түштүк аймактарда катталып жатат, анткени түштүк региону тоолуу аймактарга кирет. Бишкек шаарында 1, Таласта 2, Чүйдө 5, Жалал-Абадда 9, Баткенде 3, Ошто 5, Нарында 2 ирет өзгөчө кырдаалдар катталган. Келтирилген жалпы материалдык чыгым 49 миллион 370 900 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: