super.kg logo

Бишкек. "Ала-Тоо" аянтындагы митингге 50 миң киши чогултабыз деген "Элдик парламентке" мэрия уруксат берген жок

 

Бишкек мэриясы "Элдик парламенттин" "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүсүнө уруксат бербей койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, аталган бирикме 17-май күнү "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүнү пландап, аянтка 50 миңге жакын адам чогулары айтылган.

Бишкек мэриясы митингди "Жеңиш" аянтында, Ататүрк атындагы сейил багында же "Аккула" ат майданында өткөрүүнү сунуштады. Себеби митинг шаардын борборунда өтө турган болсо, жай тургундарга ыңгайсыздык жаралып, унаа тыгындары пайда болору эскертилген.

Эскерте кетсек, 12-майда УКМК "Элдик парламенттин" үч мүчөсүнө 27-295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) жана 27-341-беренеси (бийликтин өкүлүнө күч колдонуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүүлөр УКМКга жеткирилип, иликтөө иштери башталган. Натыйжада коомдук бирикменин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев эки айга камакка алынышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
16.05.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы согуш баштайын деп жатасынарбы? ошентип озунор олуп калбагыла тынч жашагыла!
16.05.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Философторда айткан тее илгери эле бийликке тийишпе сынып каласын деп сынды да буларда
16.05.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу бийлик учун жулунган эл бузарлар тажатты,элге тынчтык керек!Тынч жашап иштешибиз керек балдарыбыз келечеги учун!
16.05.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка бийлик келсе да ошол корунуш себеби башыбыздан эки тонкоруш отту андан коро озубуздун оокатыбызды кылып сассык саясатынар мн ишибиз жок болуп тынч жашаганга эмне жетсин
16.05.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ховолордун жыйылып турган суротун коймок беле анан... бул билермандар эмненин ичинен чыгышаар экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: