super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын президентинин кызы турмушка чыкты

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын кызы Сүмея Эрдоган коргоо тармагындагы ири компаниянын директору Селжук Байрактарга турмушка чыкты. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Стамбулдагы никеге өлкө ичинен жана өлкө тышынан 6 миңден ашуун адам чакырылды. Жубайлардын нике күбөсү парламент төрагасы Исмаил Кахраман, премьер-министр Ахмет Давутоглу, 11-президент Абдуллах Гүл, башкы штаб төрагасы Хулуси Акар, Босния жана Герцеговина мамлекет башчылык кеңешинин төрагасы Бакир Иззетбегович, Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф, Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен Ливандын мурдагы премьер-министри Саад Харири болушту.

"Президент Режеп Тайип Эрдоган никеден кийин кыска, бирок таасирдүү сөз сүйлөдү. Эрдоган "Сүмеяны бала чагында жейреним дечүмүн. Көз нурум дечүмүн. Эми бир жейрен сыяктуу уядан кетип жатат" деди",- деп жазышат басылмалар.






Түркиянын президенти Эрдогандын кызы турмушка чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: