super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте унаа эки студент кызды сүзүп кетти

 

Бишкекте унаа эки студент кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 16-майда саат 14:30 чамасында 7-кичи районунун Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү жолдон 2 студент кызды Ниссан үлгүсүндөгү унаа сүздү. "Тез жардам" кызматы жабырлануучуларды 4-шаардык ооруканага алып кетти.

"Бул жерде көп учурда ушундай кырсыктар катталат. Өткөн жылдын октябрь айында мектеп окуучусун унаа сүзүп, бала ошол жерден каза болгон. Шаардык жол башкармалыгы, МАИ кызматы жол чырак коюп берсе мындай кырсыктар болмок эмес. Аталган жол 3000ге жакын студент, 2 мектептин окуучулары, 2 балдар бакчасынын тарбиялануучулары өтчү кесилиш жол болуп саналат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
17.05.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кочодон чоюлуп отуп баратканда, келип сузуп кетсе керек да. Адамдай болуп тез-тез басып отушпойт го. Кудай сактасы дагы аман калышыптыр.
17.05.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Kimbar,Саксандап внезапно жерден чуркап чыга калышат, бойлору да кичик.. Бая куну горький правдадан ушинтип чуркап чыга калып алдыдагы машинени жоолоп барып аран калгам. Бою да кичик неме экен Саксандап корунбой да калат экен. Кудай сактасын эми
17.05.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deniza88,саксандап дегенин кандай сен бирону алдагындай соз менен айтып басынтканга акын жок. Кандай немесин деги.
17.05.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kimbar,чоюлбай эле муну деген кырсык дейт, эртенки куну биз эмне болобуз, аны бир Кудай билет.
17.05.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kimbar,минус басам деп плюс басып алдым...сенин созун туура эмес...
17.05.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
За рулем аял киши окшойт э? Тиги рульда отурган кыз сузду да э? Кээде пешеходдон отот эреже бузган. Эки жакты карап машина алысыраак болсо отуп баштаса машина да ошого ориентир алат да,жок кээ бирлер бар машина жакын келип калганда пешеход да деп чыга калат андайда машина резко кантип токтосун. Алыстан эле пешеход бар жерлерди карайсын адам жокпу деп отот экен десен именно ошол жерге турушуп маршрутка тосушат.
18.05.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи аял кишиге руль берип кереги жокда.пробка кылган аял.правилону бузган аял.ар кайсы жерге токтотуп койгон аял.даже жол берип койчу отуп кетейин десен жол бербейтко менден кийинот деп.мисалы любой эркек рульда баратса бул жака кирип алайын десен созсуз жол берет.а аялдардан андай коро элекмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: