Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт

Өлкө аймагында 17-майдан 19-майга чейин түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
"Өлкөнүн дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы 20-майга чейин созулат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлөт", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Пейилибиз бузулдуда озучу(((((((