super.kg logo

Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип 3 селсаяк кармалды

 
Кылмышка шектүү 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунун С.Т. аттуу тургуну.
Кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Талас облусунун Ч.К. аттуу тургуну.
Кылмышка шектүү 1986-жылы туулган Нарын облусунун О.Э. аттуу тургуну.

Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип 3 селсаяк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 16:00 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринин жанындагы бак-дарактардын арасынан 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Териштирүү иштеринин алкагында маркум 1979-жылы туулган У.А. аттуу Нарын облусунун тургуну, туруктуу жашоочу жайы жок жаран экени аныкталган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркум менен чогуу спирттик ичимдиктерди ичип жүргөн адамдардын өздүктөрү такталган. Кылмышка шектүү катары кармалган Ч.К., С.Т. жана О.Э. маркум менен арак ичип отуруп, ортодо пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, маркумду уруп, кийин анын шымында байланган боо менен аны муунтуп өлтүргөндөрүн билдиришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.05.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр адам олтургон, шапалакты алып туруп, чымын олтуруп койгондой эле болуп калдыго. Кудай озу сактасын, баарыбыздын кылган ишибиз учун, жооп бере турган кунубуз бар,ошону бир эстеп коркуп койсонор кана.
17.05.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан дүйнө азык албай, көкүрөк, көөдөн бош, көкүрөк сокур... Санат, насыят, терме ырларын уккандар аз (ошолордо сонун нерселер айтылат, жашоо эрежелери ж.б.) насаат айтчу карыларыбыз деле калган жок окшойт...Кара курсактын айласын таппай жатканда кайдагы жан дүйнө жөнүндө сөз болушу мүмкүн дегендер да чыгар. Бирок... кыргыз мындан оор кырдаалда деле (1916-жылды алсак) мынчалык пастыкка түшкөн эмес да...
17.05.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жан дүйнөсү бош, көкүрөгү сокур адамга баары бир да, андан эмнени күтсө болот...
Алты саны аман, тоону томкоро турган жигиттерибиздин селсаяк болуп, карып болуп, байкуш болуп калганына өкүнгөндөн башка эмне дей аласың...
17.05.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин ай,окунуп кеттим...Билегинде кучу бар эр азамат жигиттерибиз селсаяк болуп жургонуно(((( Мурундары адамдын олугу боюнча кабар уксан тобот чачын тик тучу,азыр бул корунуш ит олтургондой эле болуп калды.Болбогон максатына жетуу учун бироону олтуруу,адамдын журогун оорутат.Адамдар кайда барат!?
17.05.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
86 87 Жылкылар экен. Жаш туруп бомж болуп кетишкенин. Иштеп үйлөнүп балалуу бакыралуу болушпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: