Алматыдагы дүкөндөрдүн бирине уурулукка кирген жаран сатуучу аялды 48 жолу бычактап, учурда жабырлануучунун абалы оор

Казакстандын Алматы шаарындагы дүкөндөрдүн бирине уурулукка кирген жаран сатуучу аялга 48 жолу бычак сайган, учурда жабырлануучунун абалы оор. Бул тууралуу кечээ, 16-майда жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 48 жолу бычактан жаракат алган 51 жаштагы сатуучу аял учурда жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Иликтөө иштеринин алкагында "азык-түлүк сатуучу дүкөндү тоноого кирип, аялды бычактаган" деген шек менен Иле айылынын 24 жаштагы тургуну кармалган. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Abospekova, jankoy, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазышыңыздар.