super.kg logo

Бишкек. "Элдик парламенттин" митинги болбой калды, митинг өтчү жайга Бекболот Талгарбековдун тууганы келди

 

Бүгүн, 17-майда Бишкекте "Элдик парламенттин" митинги пландалган. 50 миң адам чогултууну пландаган "Элдик парламенттин" тилегин таш каап, Бишкек мэриясы аларга борбордук аянтта митинг уюштурууга уруксат бербей койгон.

Учурда митинг "Жеңиш" аянтында өтөт деген маалымат менен бул жайга келген журналисттер бир гана адамды көрүштү. Ал камакка алынган Бекболот Талгарбековдун тууганы - Мырзакан Мамытов. Ал Талгарбековду камактан бошотуу талабы менен келген.

Кошумчалай кетсек, 12-майда "Элдик парламенттин" лидери Бекболот Талгарбековдун үйүндө УКМК тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, ал өзү суракка чакырылган. 13-майда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаевге жана уюмдун башка өкүлдөрүнө карата кылмыш иши ачылган. Алар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышууда. 14-майда болсо Биринчи Май райондук сотунун чечими менен оппозициялык "Элдик парламент" биримдигинин лидерлери 2 айга камакка алынышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
17.05.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жазгы талаа иштери кучоп турганда эл эмес ит да чыкпайт, элди тынч койгула бизге митингердин кереги жок, силер элдин кызыкчылыгын эки дуйнодо да ойлобойсунар, калп эле элди жамынган баатырсынар.
17.05.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
rios.07,Туура ,чындыгында тажатышты оз кызыкчылыктары учун.Дуйнону кризис каптап турганда балдарыбыздыр келечеги учун тытынып иштешибиз керек! тынчылык керек!
17.05.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне булар шылдындап атышабы, алмак,салмак кундо биро митингке чыгып кызык.
17.05.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаев озу кантип келди экен бийликке. А эмне учун ошол кезде БИЙЛИКТИ КУЧ МЕНЕН ТАРТЫП АЛДЫ, деп же канчалаган бейкуноо адамдарды курал катары колдонду деп кылмыш козголгор эмес.
17.05.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жигит эрдик кылгансып жылмайып Гана турат го
17.05.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
азамат, аганы колдобойм го, бирок бир тууган деген ушундай болот.
17.05.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаев ото жакшы иштеп жатканын КЫРГЫЗ эли акырындык менен тушуно баштады.
17.05.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ago,Ото жакшы иштеп жатабы??????
17.05.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Революция болуп кетсе. Майлуу суттуу кызматка отуруп калайын деген неме да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: