Кемин районунда 8 жаштагы бала агынды суулар өтүүчү люкка түшүп кетип каза болду
Чүй облусуна караштуу Кемин районунда 8 жаштагы бала агынды суулар өтүүчү люкка түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орловка шаарындагы Металлург кичи районунан үйдүн жанындагы агынды суулар өтүүчү люкка 2008-жылы туулган Азиз Д. аттуу бала түшүп кеткен. Куткаруучулар барганга чейин жергиликтүү тургундар баланын жансыз денесин люктан алып чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.