Өткөн суткада өлкөдө 2 өрт кырсыгы катталып, Жалал-Абад шаарындагы турак жайлардын биринен үй оокаттары күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Жалал-Абад шаарында өрт кырсыгы катталды. Анда Калинин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин 40 чарчы метр жыгач шыбы, полу күйүп, 2 бөлмөнүн ичинен 5 эшик, 4 терезе, уктоочу эмерек, чаң соргуч, нан бышыргыч, 3 килем, 20 төшөк жана жаздыктар күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.