super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сиңдим менден 5 жаш улуу жигитке турмушка чыкты, барсам кантип сен дейм?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эу, сенсиребе, сен! "Сиз" деп кайрылуу канчалык керек?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бул сиз, сен демей адамдын өзүнөн го. Мен, мисалы, сен дегенди жакшы көрөм. Мага сен деп кайрылса, туура эле кабыл алам, бирок өзүмдөн 3 жаш кичүү болсо, сен дедирбегендей кылып сүйлөйм. Өзүмдөн улуулардан "Сиз дейинби же сен дейинби?" деп сурайм. Көбү "сен де" дешет".

"Тааныбаган адамга "сиз" деп кайрыла берем, айрыкча кыз болсо. Эркек кишиге келгенде анын жаш курагын кебетесине карап болжолдоп, менден улуу көрүнсө "сиз" дейм, болбосо кээ бирөөлөр "сиз" дегенди сылыктык катары кабыл албай, сени өзүнөн төмөн көрүп, улуусунушу да ыктымал. Өзүңдөн кичүү эле бирөө "сен" деп жатса жагымсыз".

"Бизде мектепте жашы кичүү болсо да сиз деп кайрылуу керек деген эреже бар эле. Азыр да ошолор "сиз" деп кайрылса ыраазы боло түшөсүң".

"Менден 2-3 жаш кичүүлөр сен десе жиним келет, өзүм сен эле дейм, 4-5 жаш улуу болсо сиз дейм, тааныбагандарды сиз деп коём калп эле".

"Сиңдим менден 5 жаш улуу жигитке турмушка чыкты. Ал мага күйөө бала да, азыр көрө элекмин, барсам кантип сен дейм, эмне деп сүйлөйм деп өзүмчө эле кыжалатмын".

"Мага да тааныбагандар "сиз" деп кайрылышат. Анан "Ушундай кары көрүнөмбү?" деп капа болом".

"Сиз деген кимге эле жакпасын, кулакка жагымдуу угулат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен деген сенек соз,сиз деген сылык соз .Байкенди сыйласан жене дейсин эженди сыйласан жезде дейсин,бул нике кайып озундон он жаш улуу болсо да сен деп конуп каласын,жашын жогорулаган сайын он жаш деле айырмаланбай калаттура.
18.05.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз деген жакпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: