super.kg logo

СУПЕРСТАН: Энелер күнүнө карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө Энелер күнүнө карата колдонуучулар өз ара "Энелердин эрдигин даңазалай..." аттуу сынак уюштурушуп, жеңүүчүлөрдү аташты.

Сынак 11-апрелде башталып, ал 4 шарттын негизинде жүрдү. Жыйынтыгында аягына чейин катышкан жана колдонуучулар тарабынан эң көп добуш алган колдонуучулар жеңүүчү аталышты. Сынакта акчалай байгелер сайылып, шарт боюнча, байгелер жеңүүчүлөрдүн энелерине ыйгарылды.

Сынактын жеңүүчүсү Topcubai аттуу колдонуучубуз өзүнүн баянында: "Менин балалыгым Советтер Союзунун кыйрашы, жаңы эгемендүүлүктү алган жылдарга туура келди. Бардык колхоз, совхоздор жоюлуп, алдым-жуттум заманда чоңойдум. Ошондой болсо да апакем мени бирөөнүн аманатына кол салбоого, бирөөнүн эмгегин жебөөгө, бирөөгө жамандык кылбай, түз жолдо жүрүүгө үйрөттү", - дейт.

Ал эми 2-орунга татыган Гука аттуу колдонуучу балалык баёо сезим менен эненин баркын түшүнбөгөнүн, өзү кош бойлуу болуп, тогуз ай бооруна бала көтөрүп, толгоо тартып, наристесин колуна алып, эне болгондо гана баарын жон териси менен сезгендигин айтат: "Кыздарым сыркоолоп калса санаа баскан көздөрүмө уйку келбей, жыгылып кетсе жүрөгүм "болк" этип үзүлчүдөй, ыйласа жан дүйнөм эңшерилип, сыздаганда энемдин баа жеткис эмгегин түшүнө алдым. "Бейиш эненин таманынын астында" деген сөз жөн айтылган эмес. Ким бейишти кааласа, энесин ыйлатпасынчы".

3-орунду ээлеген Kg.lady аттуу колдонуучу "айкөлдүгү жанда жок, мээрими чыгыш менен батышка жеткен, кучагы бейпилдикке толгон, таманына бейиш багын катып алган, жөпжөнөкөй эненин перзентимин" дейт.

Сынактын жалпы мазмуну менен таанышуу үчүн бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.05.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаларыбыз бар болсун!
17.05.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Топчуке куттуктайбыз. Менда катышып баштадым эле шарт болбой толук катыша албай калдым
17.05.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юхуууу, молодцы форумчулар, люлю го силерди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: