Өлкөдө жалпы республикалык тест тапшыруунун биринчи этабы өтүүдө

Бүгүн, 18-майда жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшыруунун биринчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, 2016-жылы ЖРТга катышууга 48 211 абитуриент катталган. Алардын ичинде кыргыз тилинде тест тапшырууга 31 102 бүтүрүүчү билдирме берген. ЖРТ тапшырыш үчүн республика боюнча 124 тест борбору ачылды. Бишкектеги жалпы билим берүү мектептеринде 32 борбор иштеп жатат.
Биринчи топ тестти 17-18-майда, ал эми экинчи топ 20-21-майда тапшырат. Мындан тышкары май айында ЖРТ тапшыра албаган абитуриенттер аны 23-24-майда бере алышат.
Быйыл ЖОЖго өтүш үчүн негизги тесттен 110 балл, предметтер боюнча 60 баллдан жогору упай алуу керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Быйылкы бутуручуулордун баарына ийгилик, сынактан ийгиликтуу отсун.
ooba da, moldolordun da sharttary bar oshonu atkarsan anan kirsen bolot.