Австралияда үч саат бою крокодил менен алышкан жаран сууга чөккөн досунун денесин жырткычтын жеп коюусунан сактап калды

Австралиянын Дарвин шаарындагы көлмөдө үч саат бою крокодил менен алышкан жаран досунун сууга чөккөн денесин сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Австралиянын 72 жаштагы тургуну досу менен Дарвин шаарына жакын аймактагы көлмөдө эс алып жүргөн. Капыстан крокодил кайыкты оодарып жиберген. Достордун бири сууга чөгүп, бири жээкке чыга качкан. Аман калган 72 жаштагы адам үч саат бою крокодил менен алышып, сууга чөккөн досунун денесин сактап калган. Ал унаанын ачкычы жана башка тетиктери менен ургулап жырткычты алаксыткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Калыптыр
"Досунун сууга чөккөн денесин сактап калган" демек, сууга чөгүп каза болгон досунун денесин сактап калган.
))