Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүүсү күтүлөт
18-майда жана 19-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, айрым аймактарда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. 20-майга чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Мындан сырткары абанын температурасы да төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.