Сокулук районунда тоноочулукка шектелген жаран кармалды
Сокулук районунда тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү милицияга арыз менен Сокулук айылынын 42 жаштагы Л.В. аттуу тургуну кайрылган. Ал 11-март күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адам күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 24 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.