super.kg logo

Индияда күндүн ысыгынан улам 500дөн ашуун адам каза болду

 

Индиянын түштүк аймагында күндүн ысыгынан улам 500дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индиянын түштүк аймагындагы Телангана, Андхра-Прадеш штаттарында аптаптуу ысык аба ырайынан соңку эки жуманын аралыгында 500дөн ашуун адам каза тапты. Мындан сырткары өлкөдө кургакчылык өкүм сүрүп, ичүүчү суунун жетишсиздигинен 330 миллиондон ашуун калкты камтыган 256 райондун эли кыйынчылык көрүүдө.

"Көп зыян тарткан штаттардын бири Одишье штаты. Аталган аймакта абанын температурасы +48°С болуп, бул көрсөткүч бир нече күн бою төмөндөгөн эмес. Мындай аптаптан 198 адам, коңшу Телангана штатында 260, Андхра-Прадеште 70тен ашуун адам каза болду. Жакынкы убакыт аралыгында абанын температурасынын төмөндөшү байкалбайт", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Индияда ысык аба ырайынан улам каза тапкандардын саны 2 миң кишиге жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
18.05.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир жерде ыссык, бир жерде суук, бизде жаан. Алланын айтканы болуп атат, менин колуман эч нерсе келбейт экен. Алла ушул адамдарга бейиштен орун берсин!
18.05.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кааап.. .Ананди байкуш не болду экен?
18.05.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
abusait,Ананди асынып өлгөн давно...
18.05.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
табияттын мыйзамы ага баш ийебиз..
18.05.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне Индияда суу тартыш бекен?
18.05.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын
18.05.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш индиянын эли жакыр, суу танкыс да, жашоо-шарты европалыктардыкындай болгондо кондиционер иштетип суудан жутуп коюп уйдон чыкпай жатмак 50 градус болсо да, же отпуска алып Алтай, Байкалга барып эс алып келмек салкындап...
Жакырчылык, жумушсуздук, кор оокаттын азабынан аптапта да кочолоп журушот да байкуш карапайым индиялыктар...
18.05.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да бир кудайдын буйругу. Кыргызстандын деле кыш мезгили жылуу эле болуп баратат го. Илгеркидей кыш эмес. Май жаз мезгилге кирет, майда болсо абдан эле ысып жалбырактар жетилип жайдын аптаптуу мезгилиндей го.
18.05.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булганч зат, тутун ж.б. улам Жер шарында орточо температуранын жогорулоосу байкалууда. Себепкерлер онуккон олколор менен Кытай, Индиянын завод-фабрикалары, автоунаалар ж.б.ж.б.
18.05.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул деген бир болсо Алланын жазасы.себеби алар Аллах таалага ишенишпейтко.сактап калсын эми ошо сыйынган уйлары
18.05.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан бейиш.!
18.05.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым ушул Мекенибизди, ырысыбызды кут кылсын!
18.05.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаратканым билип билбей кылган куноолордон кечире кор.... Мамлекетибизге тынчтык бере кор
19.05.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстаным бейишго.Аллах Таалама мин мертебе шугур,мусулман кылып жана кыргыз кылып жаратканына.
19.05.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 мезгилдин кооз учурларын коробуз, ушундай жерге жараткан АЛЛАХКА, эн негизгиси таза динде МУСУЛМАН кылып жаратканына шугур. Орел и решка корсотуусунун Индияга барган учурун коруп журогум шуулдаган болчу козумо жаш топтолуп.
19.05.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо озон катмарынын бузулушунун таасири.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: