Бүтүрүү кечесине акча чогулткан мектеп жетекчилиги жоопко тартылат

Бүтүрүү кечесине акча чогулткан мектеп жетекчилиги жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, республика боюнча аттестат тапшыруу аземи 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 23-июнда, ал эми 9-класстын окуучулары 20-июнга белгиленген.
Ошондой эле аталган министрлик окуучулардын коопсуздугу үчүн майрамдык иш-чара ата-энелер менен мугалимдердин көзөмөлүндө мектептин аймагында гана өткөрүлө тургандыгын эскертет. Мындан сырткары окуучулардын бүтүрүү кечесине акча чогултулса же иш-чара көңүл ача турган жайларда өткөрүлө турган болсо, мектеп жетекчилери жоопко тартылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Супер силерден сураныч андай акчаны табууда оной эмесда.