super.kg logo

Борбор калаада дайынсыз жоголуп кеткен Аида Айдарова Орусиядан табылды

 

Борбор калаада дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы Аида Айдарова Орусиядан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына кыздын апасы Анарбү Карабекова билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 май күнү саат 08:45 чамасында үйүнөн чыгып, жумушуна кеткен кыз 5 күн бою дайынсыз болгон. Кыздын туугандары анын жоголуп кеткендиги тууралуу милицияга арыз жазып жана SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган.

"Сиздердин порталга чыккандан кийин эле биздин номурга кызымды көргөндөрдөн билдирүүлөр келди. Алар Аиданы Бишкек-Красноярск каттамы менен кеткен автобустан көргөндүгүн айтышты. Кийин териштирип отуруп, ал жакка ким менен кеткенин аныктадык. Кечинде аны менен чогуу кеткен келиндин номурун таап чалсак, телефонду анын күйөөсү алды. Биз ага баарын түшүндүрүп, кызым менен сүйлөштүрүүнү өтүндүк. Ага кызыбыз уруксатсыз, айтпай кетип калгандыгын да билдирдик. Ал аялы Красноярск шаарына келери менен байланыша тургандыгын айтты. Эртеси кызым байланышка чыгып, экөөбүз сүйлөшүп, ал мага жардам берүү максатында Красноярск шаарына иштеп келүү үчүн курбусу экөө кетип калганын билдирди. Учурда кызым Москвада иштеп жатат, санаам тынчысын деп аны агасынын жанына жибердик", - дейт А.Карабекова.

Эске салсак, 10-май күнү дайынсыз жоголуп кеткен А.Айдарованын туугандары анын телефону 5-май күнү саат 14:00гө жакын өчкөн бойдон күйбөй, анын кайсы жакта экени белгисиз болуп жаткандыгын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
18.05.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болуптурда, табылыптыр, жакшы!
18.05.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ата-энесине бир ооз айтса болбойбу?!Курбусу кеттик десе кете бергидей эч кимиси жок бироо эмес го...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-18 15:46:59
18.05.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызына ХХХ ХХХ ХХХ.. .
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-18 16:21:10
18.05.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
abusait, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
18.05.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Апасына жардам бергиси кетсе айтып кетпейби .Апасын абалы кандай болгонун билсе мындай кылбаса керек эле.
18.05.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эне баланы-бала тааланы ойлот деген туурада
18.05.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өзүмду өзүм билем өтүгүмдү төргө илем деген акылсыз кызго апасына айтып кетседа болотко апасы 5 кун бою кан жутуп отурса керек
18.05.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен айткан элем ал "DJ" (Арууке)чыгармасын окуп алып мени да издесин деп кетип калганго
19.05.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобооо кызык кызго
19.05.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыл отук кийген..болбосо эле болду.Ишине кудайым ийгилик берсин.
19.05.2016. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай акылы жок Кыз Тообо кылдым, Эми апасына жардам бергени Деп кыздын аркасын жаап жатат да на самом деле Кыз озу билдимге салып кетип калган болуш керек. Тил угуп, апасына баш бербеген кыздай сезилди мага. Себеби апасын ойлоп, апасына жардам берем деген Кыз Эч Качан минтип дайынын айтпай кетпейт. Дагы апасына жардам берет имиш ишенбейм
19.05.2016. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балам балалуу болгондо билесин дегендей сен да эртен эне болгонунда билээрсин. Эси жок кыз, ата-энени ойлобогон тартипсиз кыз экенсин.
19.05.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kobra86, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
19.05.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башы катык экен ата энесин укпаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: