super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эркек кишинин кесиби болбойт, эмне колунан келсе, ошону жасасын"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркек кишиге кандай кесип ыңгайлуу?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Трактор айдаган жарашат".

"Кесип тандоодо адамдын жынысы мааниге ээ эмес. Негизгиси болуп анын жөндөмү, таланты, шыгы эсептелет. Антип бөлө турган болсок, автобус айдаган аял кишилер, стилист болгон эркектер деле жүрүшпөйбү".

"Аскер кызматкери жарашат, себеби айымдар аскер кызматкерлерин таянар тоосу катары көрүшөт экен".

"Эркек деген эркектей болуп элге, жерге кызмат кылып, үй-бүлөсүн бакса, карьера жасаса болот".

"Азыркы кезде талаа аялга, ашкана, анан үй кожойкелик милдет эркекке энчиленип калып жатат. Эркек качан эркектей болот десеңер, качан гана жоопкерчиликтүү, өзүнө тиешелүү милдетин билсе, мына ошондо эркек! А кесипке келсек, аялзатынын жумуштарынан, кесиптеринен сырткары бардык кесиптер жараша берет. Жигитке жетимиш өнөр көптүк кылып жатса да".

"Эркек балдарга бардык кесип жарашат, мисалы, эсепчи, ак халат кийгени, костюм-шым кийип чыкыйып жүргөнү жараша берет".

"Биз жашаган жерге жакын жерде бир мырза маникюр жасап иштейт".

"Эркек кишинин кесиби болбойт. Эмне колунан келсе, ошону жасай берсин".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи копчулук кесиптерде эркек да, аялдар да иштей берет, бирок айрым кесиптер эркек жана аялдардыкы деп болунот. Жонокой эле мисал: сайма сайып, мал сааган эркектерге жарашпайт, аялдардын иши, ал эми жук тушургуч (грузчик), курулуш тармагындагы оор иштер, аскерлик эркектер учун, балким ошол учун армияда кызмат отоп иштеген аялдар мага жат корунуштой таасир калтырат...
18.05.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча эркектерге бир эле кесип жарашпайт ,акушер гнеколог ,калганын баарын адал иш менен уй булоосун бага берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: