super.kg logo
  Спорт  

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына кыргыз өлкөсүнүн желеги астында катыша турган 13-спортчу Илья Тяпкин болду

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына Кыргыз Республикасынын желеги астында катыша турган 13-спортчу Илья Тяпкин болду. Ал Эл аралык Олимпиада комитетинин квоталык жолдомосуна ээ болду. Бул тууралуу КРнын Жеңил атлетика федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, федерация спортчунун 8-майдагы марафондо көрсөткөн жыйынтыгын эске алып, Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Анда спортчу оюндарга жолдомо алуу үчүн 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 19 мүнөттө багынтуусу керек эле. Бирок Тяпкин 11-орунду ээлеп, аталган аралыкты 2 саат 19 мүнөт 19 секундада чуркап өткөн. Натыйжада ал 19 секунда кечигип, жолдомодон куру калган.

Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында Бразилияда өтө турган Олимпиадага азырынча 13 спортчу бара турган болуп жатат (мельдоний чырына байланыштуу Жанарбек Кенжеевдин жолдомосунун тартылып алынганын эсепке албаганда). Буга чейин жеңил атлеттер Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам Олимпиада оюндарына жолдомо алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
18.05.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кана бироонор сенсация жаратып алтын алсанар.. .
18.05.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буйруса 10 алтын алып келишет
18.05.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nurdoolot1996, Это не возможна. Фантастика болуп кетет. Хотя 3 медаль алсак да сыймык болот.
18.05.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темада Рио-Де-Жанейрого бара турчу 13-спортчу Тяпкин болду деп жазылып турат го,бирок Тяпкин 19 секунда кечигип жолдомодон куру калган дегенин кандай тушунсо болот? Же бул пиарбы супер инфо?
19.05.2016. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Genar.benicio, туура, пиар окшойт.
19.05.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Genar.benicio, саламатсызбы!
Илья Тяпкин 19 секундага кечигип калганы менен Эл аралык Олимпиада комитетинин квоталык жолдомосуна ээ болгону үчүн "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына барат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: