Бийлик өкүлдөрү менен оппозиция лидерлери жолугушат
Акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен 4-апрелде бийлик өкүлдөрү менен оппозиция лидерлеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу башкы укук коргоочунун басма сөз кызматы билдирди. Мындай келишим 13-марттагы оппозициянын митингинде кабыл алынган. Анда оппозиция лидерлери бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга даяр экендиктерин билдиришкен. Кийинчерээк бийлик тарап дагы макулдугун берген. Турсунбек Акундун айтымында, бул жолугушууда тараптардын пикир келишпестиктерин жоюу жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн чогуу аракеттерди көрүү боюнча маселелер каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

