Баткен облусунда чек ара режимин бузган Өзбекстандын 4 жараны кармалды

Баткен облусунда чек ара режимин бузган Өзбекстандын 4 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 18-майда Кадамжай районунун аймагынан чек ара режимин бузган төрт өзбек жараны кармалган. Кармалган жарандардын айтымында, алар кыргыз жеринде иштеп жүрүшкөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, аталган жарандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.