Той-топурларда ашыкча чыгым кылгандар үчүн салык салуу маселеси каралат
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыздын ашыкча чыгашаларына токтолду. "Кыргыздар - намыстуу элбиз, бир жакыны каза болсо, "коңшум ушинтип өткөргөн" деп катар-катар жылкы союп, элге тамак берет. Бул кимге пайда да, кимге зыян. Коңшу мамлекеттер андай кылбай эле өткөрүп жатпайбы. Мисалы, депутаттарды деле алалы. Жакшылык-жамандыкта кафе-ресторанга жылкы союп, жүздөгөн конок чакырып Куран окутушат. Депутаттар ишин таштап коюп кетип эле жатпайбы. Биз, албетте, андайга чек коё албайбыз, ар бир адам "мен өз каражатыма өткөрүп жатам" дейт да. Биз муну жакшылап иликтеп чыгып, ашыкча чыгым кылгандарга салык киргизүү жолун карашыбыз керек",- деди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

Рейтинг:
0

