super.kg logo
  Спорт  

Испаниялык "Севилья" футболдук клубу Европа Лигасын 3-ирет катары менен утту (фоторепортаж)

 

19-майга караган түнү Швейцариянын Базель шаарында футбол боюнча Европа Лигасынын финалы орун алды. Финалда испаниялык "Севилья" футболдук клубу англиялык "Ливерпулду" 3:1 эсебинде утуп алды.

Оюнда Дэниел Старриж эсепти ачып, "Ливерпулду" алдыга чыгарды (35-мүнөттө). Андан соң "Севилья" 3 голду катары менен киргизип, жеңишти камсыздады. Алгач Кевин Гамейро (46-мүнөттө) эсепти теңесе, капитан Коке Морено 2 гол жаратты (64-мүнөттө, 70-мүнөттө).

Жыйынтыгында "Севилья" кубокко гана ээ болбостон, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2016-2017-жылкы сезонунун финалдык баскычына жолдомо алды. Команданын Испания Лигасында 7-орунду ээлегени буга жолтоо болгон жок (Испанияда алдынкы 4 орунга гана жолдомо берилет).

2014-жылы жана 2015-жылы мелдешти "Севилья" утканын эске алсак, испаниялыктар 3 жыл катары менен чемпион болуп, жаңы рекорд жаратышты.






Ливерпуль-Севилья. 1-3. Европа Лигасы, финал

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
19.05.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клопп 5 финал 5 утулуу ливерге болеть эттим эле...
Медиа-портал
19.05.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzman82,менда Ливерге көбүнчө Юрген Клоппго болеть кылдым эле. Жеңгенде ЧЛ эмки жылы көрөт элек. болбой калды. Клопп эмки сезондо ЧЛ чыгат буйруса. ошондо көрөбүз.
19.05.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы Испанцы. Бирок судья коп ката кетирип Севильяга ачык эле тартып койду. Уч руканы атайын эле корбой койдуго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: