Мурунку министр Калыкбек Султанов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды
Мурунку транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 18-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Калыкбек Султанов аталган министрликтин башчылыгына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2011-жылдын декабрь айында келип, 2015-жылдын апрелине чейин иштеген. Министрлик кызматтан кетүүгө 2015-жылдын 21-апрелинде арыз жазып, анын арызын президент ошол күнү канааттандырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















