super.kg logo

Ак-Бата конушунда окуучулар мектепке батпай, 3 башталгыч классты китепканада окутууга туура келүүдө (фото)

 

Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Бата конушундагы №43-мектепте окуучулар 9-класска чейин билим алышат. Бул жакка Ак-Жар, Теңдик, Алтын-Казык, Адилет конуштарынан окуучулар келип окушат. Мектеп 198 окуучуга туураланганы менен, мектепте учурда 1065 бала окуйт.

Мектептин тарбия бөлүмүнүн башчысы Жумаш Усубалиева билдиргендей, Ак-Бата конушунун китепканасында башталгыч 3 классты окутууга туура келүүдө. Бош кабинет жоктугунан мугалимдер коридордо отуруп окуучулардын текшерүү иштерин текшеришет.

"Окуу класстарынын тартыштыгынан улам китепкананы колдонуп келгенбиз. Эми китепкананы бошотуу каралып жатат, бирок анда окуган 3 классты каякка батырарыбыз белгисиз. Окуучулар 4 нөөмөт менен окушат, ар бир класста 35тен кем эмес окуучу бар", - дейт ал.

Маалым болгондой, конушка 3 кабаттуу мектеп курууга демөөрчү табылган. Бирок салына турган жер маселеси менен 2013-жылдан бери Бишкек архитектурасына, Бишкек шаардык мэриясына кайрылып келишет. "Андан майнап чыкпай келүүдө, анткени мектеп салынуучу жер жеке бир кишиге карайт экен. Ал киши башка жер алып берүүсүн талап кылууда. Аны шаардык бийлик алып бергиси келбей жатат", - дейт Ак-Бата конушунун башчысы Руслан Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
19.05.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Катар катар мечит салып депутат бизнесмен акчалуулар озун корсоткондон коро балдар учун келечек муун учун мектеп салып калкыбыздын билим денгеелине салым кошушса жакшы болмок. Мечит салып дердендеп кыйраткансып журушот же ошо салып берген мечиттин аркасы менен калкыбыз ыймандуу болуп кетишпеди,кундон кунго журок ооруткан жоруктарды жасап жатышат. Билимдуу жаштар мамлекетибиздин келечеги эмеспи ошондуктан сабатуу билимдуу жашоого конул бурушубуз керек.

19.05.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
stimyl.kg,100%+++
19.05.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да Ак-Жар конушунда жашайм. Чындыгында койгойлор коп!Бирок мектеп курууга демоорчуулор же болбосо мамлекет жардам берсе, жер тилкоосун оной эле тапса болот! Бир эле мисал: биздин уйдун жанында аябай чон жер тилкеси бар. Ал жерде жайкысын каалаганы келип кирпич куюшат, кышкысы бойдоктор учун озунчо эле парк. Биздин Ак-Жарда толтура койгойлор бар! Кечкисин кочого чыгуу аябай кыйын, себеби конуштун башында жеке уйлор кафе, клубдарды ачып алышкан. Жана аларда спирт ичимдиги, жана тунку
19.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кополоктор орун алган. Дукондор да тан атканча иштейт. Кечкисин дуконго чыгыштан коркобуз мастар же тунку кополокторго келген кардарлар бизге да тийиштик кылат. Кочолордо ачык санэпидемияга жооб бербеген тамак-аштар сатылат! Козомолго алган эч ким жок. Балдарды мектепке озубуз алып барып туурабыз. Себеби бул жакта жол эрежеси да сакталбайт! Бул койгойлордун бир чети гана. Каяка кайрылышты да билбейм? Админ эгер мумкун болсо биздин койгойлорду оз дарегине жеткирип берсениздер аябай жакшы болмок.
19.05.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдына ала чон рахмат! Биздин конушта кобунчо карапайым жана орто билимдуу элдер жашаганы учун мыйзамды жакшы билишпейт. Жана дагы каяка кайрылышта да билбейбиз?
19.05.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мечиттер причем тут. Статистика боюнча деле карап кор мектептин саны мечиттен коп. Тем более мечиттер медресер основном арабдардын акчасына салынган. Мектепке деле барып мечитке деле барып чонойдук пайдасынан башка зыянын деле коргон жокпуз.
19.05.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечиттерге менин деле каршылыгым жок! Бирок биздин конушта бир канча мечит бар. Аа мектеп, поликлиника, садик дегенден бироо да жок! Биздин уйдо 3 бала мектепке барат, бироосу Ак-бата конушунда туштон кийин саат 15:00 китепканада окуйт. Экоосу турбазада 46-мектепте окушат, класста 43-45 бала билим алат. Парталарга батпайт, 3,4 баладан отурушат. Анан каяктагы билим? Албете частный мектепке бергибиз келет, бирок финансы жактан жетишпейбиз. Уч баланын тен аталары таштап кеткен.
19.05.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарды элдин балдарынан кем кылбай тарбиялап жатабыз. Жана эчкимден эчтеке деле сурабайбыз, болгону мамлекет балдардын келечеги учун шарт тузуп берсе жакшы болот эле? Мага окшогон жалгыз бой энелер коп биздин конушта........
19.05.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Админ биздин конуштун койгойлорун сиздердин гезит аркылуу чагылдырып, дареке жеткирип бере аласыздарбы? Бул учун биз эмне кылышыбыз керек? Жана канча акча толонот?
19.05.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
juraeva, саламатсызбы!
"Элдик кабар" рубрикасына сүрөт, видео менен кыскача жазып жөнөтсөңүз болот. Ал эми гезитке жарыялоо тууралуу 0(312)474343 номерине чалып тиешелүү бөлүм менен байланышсаңыз болот.
19.05.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kelgile tuugandar mechitterge tiibeili owo mechitti salgan insandarybyz mektepti da salat buiursa mechitter jok bolsoda bolboit jakwylyktan umut uzboilu jakynda mektep koigoiu da chechilip kalaar.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: