Москвада "курулушта иштеген кыргыз жарандарына төлөнө турган ири суммадагы акчаны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

Москвада "курулушта иштеген кыргыз жарандарына төлөнө турган ири суммадагы акчаны тартып алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында У.Ж. аттуу жаран жеке ишканалардын биринин өкүлүнүн ишенимине кирип, курулуш иштерине тартылган 45 кыргыз жарандарынан турган 3 топтун айлык акысына төлөнүүчү 673 500 рубль акчаны алып, изин жашырып кеткен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1975-жылы туулган У.Ж. аттуу тургуну кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, аталган жаран камакка алынды. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү жашырылып, сүрөтү толугу менен көрсөтүлбөйт.
Өздөн чыккан жат жаман.