super.kg logo

Парижден Каирге учуп баратып жоголуп кеткен учак Жер Ортолук деңизине түшүп кетти деп болжолдонууда

 

Парижден Каирге учуп баратып жоголуп кеткен учак Жер Ортолук деңизине түшүп кетти деп болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда жергиликтүү басылмалар Египеттин авиациялык бийлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

"Египет" авиакомпаниясынын вице-президенти Ахмед Абдел буга чейин радардан жоголуп кеткен учак кырсык сигналдарын бербегенин билдирди. Жергиликтүү телеканалдар берип жаткан маалыматтарга ылайык, учак бөлүктөргө бөлүнүп кетиши мүмкүн.

"Учурда учакты издөө иштерин Грециянын жана Египеттин аскердик авиациялары жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган учак кечээ түнү MS 804 каттамы менен Шарль-де-Голль аэропортунан Каирге багыт алган. Учурда учак жана анын жүргүнчүлөрү тууралуу эч кандай маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.05.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Самолетко отурганданда коркуп калат екенсин ушундай кырсыктар эске тушуп. Кудай сактасын эми.
19.05.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ичиндеги адамдары эмне болду экен наристелерда болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: