Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 2-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жана Аламүдүн районундагы кээ бир айылдарга электр жарыгын берүү чектелет. Бул күнү шаардагы Л.Толстой, Коёнкөзов, Чуйков, Т.Молдо, Логвиненко, Хоперский, Репин, Үмөталиев, Шевченко, Абдумомунов, Фрунзе көчөлөрүндө жарык болбойт. Ошондой эле Аламүдүн районунун Лебединовка жана Восток айылдарында жарык болбойт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр аталган аймактарга тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

