Бишкекте жеңил унаа май куюучу жайды сүзүп оодарылып, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Бишкек шаарында жеңил унаа май куюучу жайды сүзүп, оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-майга караган түнү саат 03:25 чамасында Шабдан баатыр жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда жеңил унаа аталган май куюучу жайды сүзүп, оодарылып кеткен. Унаада болжол менен 20-28 жаштагы 6 адам болгон, алардын бири 20 жаштагы кыз. “Тез жардамдын” кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ар түрдүү жаракаттарды алган жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага жеткиришкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, унаанын ичиндеги 6 адамдын баары тең мас абалда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurzhaz

19.05.2016. 13:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы эле арак! мен арак ичпеймин деп жаштар кичине кичине ичип кийн таштаймын да деп организими конуп алгандан сон таштай албай жатпайбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.