super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 19-МАЙ: 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда мыкты болуп табылган уругвайлык футболчу Диего Форлан 37 жашка толду

 

Уругвайлык футболчу Диего Форлан 1979-жылы 19-майда жарыкка келген. Монтовидео шаарында жарыкка келген футболчу профессионалдык карьерасын 1998-жылы "Индепендьенте" клубунда баштаган.

Кийин ал футболдун казаны кайнаган Европага келип, англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен келишим түзгөн. Бул клубда 2 гана жыл ойноп, 2011-жылга чейин Испанияда ойноду. Алгач 2004-2007-жылдар аралыгында "Вильярреалдын" формасын кийсе, 2007-2011-жылдар аралыгында "Атлетиконун" курамында ойноду. Кийин ал 1 жыл италиялык "Интердин" курамында ойногон соң Бразилияга жөнөгөн. Андан соң бразилиялык "Интернасьоналда", япониялык "Сересо Осакада" ойноп, 2015-жылы мекенине кайтты. Учурда ал "Пеньяроль" командасында ойноп жатат.

Командалык ийгиликтерине токтолсок, 2003-жылы "Манчестер Юнайтеддин" курамында Англия чемпиону болгон. 2010-жылы болсо "Атлетико" менен Европа Лигасында чемпион аталган.

2010-жылы ал Түштүк Африка Республикасында өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Уругвай курамасынын жарым финалга чейин жетүүсүн шарттаган. Мелдештин жыйынтыгында 5тен гол киргизген 4 футболчунун бири болуп, мелдештин мыкты футболчусу болуп табылган.

Уругвай курамасы үчүн 112 оюн өткөрүп, 36 жолу айырмаланган.

19-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: