Жайыл районунда "унаанын айнектерин талкалаган" деп шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда "Хонда Одиссей унаасынын айнектерин талкалаган" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-майга караган түнү саат 03:20 чамасында Новониколаевка айылынан мас абалдагы белгисиз эки жаран Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айнектерин талкалап кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Бекитай айылынын 24 жаштагы тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.