super.kg logo

Сокулук. Новопавловка айыл өкмөтүндөгү сугат жерлери үй курууга сатылып жатат

 

Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу №520-контурундагы сугат жерлерге мыйзамсыз жеке үй куруу үчүн жер сатуучулар убактылуу ишеним кат берип жатышат. Жыйынтыгында элди сугат жерлерине үй курууга түртүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук району боюнча инспекциянын кызматкерлери мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо жана алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле Сокулук районуна караштуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери ар жуманын ишемби күндөрү Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу №516, 519, 520-контурларга мыйзамсыз курулуштарды токтотуу үчүн жергиликтүү милиция кызматкерлери менен чогуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анын алкагында бир топ мыйзамсыз курулуш ээлерине, куруу иштерин токтотуу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Жалпысынан 6 жаранга 25 000 сом айып салынып, 11 үйдүн пайдубалын куруу аталган инспекция тарабынан токтотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: