Сокулукта "почта бөлүмүнүн башчысына кол салып, тоногон" деген шек менен Талас облусунун тургуну кармалды
Сокулукта "почта бөлүмүнүн башчысына кол салып, тоногон" деген шек менен Талас облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 20-апрелинде милицияга арыз менен М.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 11:30 чамасында Военно-Антоновка айылындагы почта бөлүмүнө 2 белгисиз жаран кирип, бычак менен коркутуп, 2,5 миң сом акчасын, ишкананын мөөрүн жана уюлдук телефонун алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Талас облусунун тургуну кармалды. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.