super.kg logo

Балыкчыда аскердик бөлүктө снаряд жарылып, 1 жоокер каза тапты

 

Балыкчы шаарындагы №36806-аскер бөлүгүндө жарылуу болуп, 1 жоокер каза тапты. Маалыматты бүгүн, 20-майда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Окуя 19-майда саат 20:30 чамасында болгон. Аскер бөлүгүнүн келишимдик кызматынын кызматкери, катардагы жоокер З.Т. ок-дарыларды колдонууда коопсуздукту бузуп, жанында турган снарядды көздөй таш ыргытканы, таш тийүүдөн улам снаряд иштеп жарылып кеткени айтылды. Жардыруудан улам аталган жоокер Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, саат 21:30да алган жаракатынан улам көз жумган.

Факт боюнча кызматтык иликтөө иштери башталды. Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан иликтеп-териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.05.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажал жетип турганда кудайдын пенделери тагдырдын жазганын корот
20.05.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
окшошпой калыптыр го, таш ыргытса тийип кетип снаряд иштеп кетип жарылды десе. Жоокер ташты снарядга каратып атпаса керек, жарыла турганын билгенден кийин. Дагы бир ата-эне сыздайт экен да эми. Жаткан жери жайлуу болсун.
aibo_85 түзөттү 2016-05-20 10:09:39
20.05.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балам азыр 4 жашта чонойсо созсуз аскерге жонотом деп неит кылат болчумун.Себеби мекен учун атуулдук милдетин аткарса деп.Чонойгондо аскерге барат,солдат болот,кооп ордендерди тагынат деген создорду айтип,азыртадан даярдасам деген ойлордон кайткын келет.Себеби кыргыз армиясы кундон кунго кооптуу абалга бараткандай.Канчалаган балдар ар кандай болбогон себептер м-н олуп жатат.Жооп берген эчким жок.Чыныгы жигиттик жашоо дедавшина болот дечи бирок мынчалык денгеээлде эмес,олумго алып баргыдай.
20.05.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
снаряд кичинекей таш тийсе жарылып кетчидей жумуртка беле, кичине окшоштурсанар боло. Алда болсо командирдин шалаакылыгынан, тартип начар, уставды оздору билбейт биздин аскер башчылары. Жаман болуптур жаш балага, ыйманы саламат болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: