Чүй облусунда катталган жол кырсыгында 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, экөө каза тапты

Чүй облусунда катталган жол кырсыгында 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсыгы саат 05:10 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 58-чакырымында орун алган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Жигули унаасы сүзүшкөн. Окуя болгон жерге өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон 2 адамдын жансыз денесин чыгарып беришкен. Ал эми ар түрдүү жаракаттарды алган 4 адам аймактык ооруканага “Тез жардам” менен жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.