ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Бел боо күрөшү боюнча Дүйнөнүн жана Универсиаданын чемпиону Нурбек Кожобеков 28 жашка толду

Балбан Нурбек Кожобеков 1988-жылы 20-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында туулган. Мектепти аяктаган соң И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.
Нурбек Кожобеков бел боо күрөшү боюнча Азиянын чемпиону (2012-жыл), Дүйнөнүн чемпиону (2014, 2015), 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү аталган. Ошондой эле Дүйнө кубогунда алтын медалды багындырган (2015).
2014-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз жана казак күрөшүнүн 90 килограммга чейинки салмактагы жеңүүчүсү болуп, эки алтын медаль тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.