super.kg logo

Чек арадан өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган жаран унаанын багажнигине жашынып бараткан жеринен кармалды

 

Чек арадан өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган жаран унаанын багажнигине жашынып бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда "Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен чек ара режимин бузган жаран кармалган. Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаанын багажнигинде жашынып жаткан жаран кармалган. Анын документтерин текшерүү маалында ага өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, ал унаанын айдоочусуна акча берип, чек арадан өткөрүп берүүнү суранган. Ошондой эле аталган жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну экендиги жана ал Казакстан аркылуу Орусияга кетүүнү көздөгөнү аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.05.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайда жеңил ойлуу болушабы чек арадан чыгып атканда кантип багажыңды текшербесин акчасын төлөп койсоңда ырымы кылып бир ачып карап койот го
21.05.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы жакшы озубуздон кармалганы казактар же орустар кармаса не болмок...
22.05.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шафер да жинди экенго,ал да жооп берсе керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: