super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Себелеп жааган жамгыр астында сүйгөнүм менен кол кармашып баскым келет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жаан жааганда ким эмне кылгысы келет?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Себелеп жааган жамгыр астында сүйгөнүм менен кол кармашып баскым келет".

"Күн бүркөлсө менин да маанайым суз тартып, кыйналып кетем. Кээде жылуу кийинип алып жамгырда баскым келсе, кээде жөн гана үнүн угуп үйдө эле отургум келет".

"Одеялды оронуп алып китеп окуган же ысык чай ичип отурган жагат. Эгерде жамгыр күзгө маал жааса, ушунчалык жан дүйнөм алсырайт, бозоргон айлана, жалбырактар дирилдеп шамалга ойкуп-кайкып учуп жатканы алсыздантат. Ал эми жайында жааса сонун, жамгырга тең ортоктош болуп баскым келет. Жазында жааган жамгыр да жагат экен".

"Кечке эле интернетте "маньяк" болуп отуруп, сыртта эмне болуп жатканынан кабарсыз калыптырмын. Сыртка чыксам, майдалап жамгыр жаап жатыптыр. Калың кийинесиң, наушникти кулакка тагасың. Велосипедди минген бойдон айланганы жөнөйсүң. Өзүнчө бир керемет. Шерик болсо андан керемет. Ар ким ар нерсе кылат. Кээ бир адамдар чатырдан суу кирсе, аны жамоого киришет. Аялы сүйлөнүп жаткан, күйөөсү чатырын жамап жаткан. Дагы бири чатырдан түшкөн сууну идишдерге алып калуу менен алек болот. Ал суу менен жан баккандар бар. Өзүнөн да түшүмүн ойлогондор бар, "Түшүм эмне болот экен?" деп. Кээ бири жамгырдан качып үйгө шашат. Ар кимдин учуру ар кандай".

"Кыргыз жеримдин себелеп жааган жамгырын абдан сагындым".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.05.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы жазылган билдируу менин билдируум окшойт )))
20.05.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун романтика десе болот себелеп жааган жамгырда суйгонун менен бирге бассан
20.05.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конулдо кайгы-санаа болбосо, жылуу кийинип алып себелеп азыраак жааган жамгырда сейилдеп ойго чомулсон, кыялдансан болот. Андайда акындарга илхам келсе керек. Суйлошкон кызын менен сейилдесен албетте сонун, романтика..

По эми аялын менен сейилдесен жарым романтика же дегеле романтикага орун калбайт: жанагы эле бутпогон уй туйшугу, балдарды бакчадан алуу керек, аялын уйго эрте кайтып кечки тамактын камын ойлойт...
Эх жаштык кундор санаасыз, бак аралап, кеч кафеден тамактанып т
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: