Кыргыз-казак чек арасынан ок-дарыларды өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан ок-дарыларды өткөрүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, “Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен казак жаранына тийиштүү унаа текшерүүгө алынган. Текшерүү маалында унаанын ичинен 12 даана травматикалык ок, аскердик бычактар, 10 даана ок менен сигналдык аспап жана кастет табылган. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жаран ок-дарыларды Казакстанга өткөрүүнү көздөгөнү аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.