super.kg logo

Акыйкатчы педофилдерди 3-5 жылга эмес, өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады

 

"Педофилдерге карата колдонулуучу жазаны күчөтүү зарыл". Мындай пикирин бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо), 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) жана 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча айыпталгандар 3-5 жылга эле эркинен ажыратылат.

"Жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөртүү керек. Конституцияга ылайык, өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат. Эгерде өлүм жазасын киргизүү керек болсо, анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө туура келет", - деди Оторбаев.

"Биздин мыйзамдардын баары мыкты эмес. Мыкты мыйзамдар көп, бирок алардын аткарылышы үмүтүбүздү толук актаган жок. Коррупциялашкан сот системи, адилетсиздик, калыстыгы жок чечимдер жарандардын сот органдарында өз укуктарын коргой албастыгын далилдеп жатат. Ак жеринен айыпка жыгылып, планды толтурууну көздөгөн милицияга илинип талкаланган тагдырлар өтө көп. Мисалы, 2015-жылы 303 негизсиз козголгон кылмыш ишинин 84ү Жогорку Сот тарабынан биротоло жабылып, 127 адам толук акталган. Бирок адамды ак жеринен күйгүзгөн бир да тергөөчүгө карата кылмыш иши козголуп, сотто кесилип, түрмөгө түшкөнүн уга да, көрө да элекпиз", - деп билдирди Оторбаев.

"Өлкөбүздө укуктук мыйзамдар эмес, "жунгли" мыйзамдары колдонулуп жатканда, айыпсыз адамдар ак жеринен караланып, камакка алынып, атылып кетиши туура эмес. Кармоочу жайларда кыйноо практикасы токтой элек. Жасабаган кылмышты моюнга алдыруу максатында башка баштык кийгизип токмоктоо учурлары да байкалууда", - деп белгиледи акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(22)
20.05.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аларды омур бою багып не кылат экен а??? Мисалы абакта жаткандарга караганда мекен коргогон жоокерлерге кунумдук тамака акча аз болунот экен !!! Жоокерлерге жакшы караш керек
20.05.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Aylin.91kg,эң туура айттыңыз!
20.05.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
олум жазасын колдонуш керек!!андай акмактарга оор кылмыш кылгандарды омур бою багып не кереги бар!!бир эле педофилдерге эмес....адам олтуруу зордуктоо уурулук кылгандарга да олум жазасын колдонсо ...кылмыштуулук 90% азаймак ...
20.05.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Олум жазасын киргизиш керек. ошондо азайбаса азайбат ко
20.05.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ошондо деле акчасы коптор берип жашай берет го дейм
20.05.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Aidowi, elgiz0890, сын-пикирди тиешелүү дарекке жазыңыз! Ал эми талкуу ачылганда кабарлап коёбуз!
Aidowi, эскертүү!
elgiz0890, эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-20 14:31:36
20.05.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай мыкаачыларга бийликтегилердин жакындары дуушар болгон эмес. Ошол себептен алар женилдик берууну туура корушот. "Омур бою, сомур бою" деп былжыр болбой дароо эле олум жазасын колдонуу зарыл. Жазаны кучотуп, тартипти катуулатпаса кылмыштын турлору кобойуп, саны осуудо. Омур бою эркинен ажыратабы же башкабы... айтор баары бир камактан качууга деле шарт тузулуп берилет...
20.05.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Педофилдер олум жазасына татыктуу болчу , акыйкатчы омур бою эркинен ажыратып туура коро албай койуптур, алар баарибир чыгып кетишет бизде Акча баардык нерсени чечип койотго .
20.05.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул туура эмес педофильдерге олум жазасын киргизуу керек ошондо бир аз тыйылат
20.05.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечирип коесуздар, ХХХ ХХХ кайра ХХХ деген соз бар. Буларды кайталабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бизде мунапыс деген балээ бар
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-20 15:24:24
20.05.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akzholtoi, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
20.05.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olum jazasyn kirgizish kerek
20.05.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура олум жазасын киргизиш керек
20.05.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олум жазасын киргизсе жок жерден куру до оматка калгандарчы ал учун тартипти кучотуу керек соттордон баштап кунолуу сотторду сатып алып ордуна башка бир байкуштун баласын уруп тепкилеп мойнуна койуп жатышбайбы ошондо жок жерде башканы атып олтурушобу?
20.05.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
xnurgul_gul,андай болбойт...олум жазасы болсо ,бироонун куноосун мойнуна албайт ...и так олом деген ойдо..
20.05.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күнөөсүз эле адам өлүп кетпейби кокус . Жалган(подстава)менен .
20.05.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пычып салыш керек андай мерездерди
20.05.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүм жазасы кирди дейли,аны ким ишке ашырат? Педофиль зордуктоо боюнча кылмыш жасаса,педофилди өлүм жазасына тарткан,аны ишке ашырган адам деле кылмышкер болуп калат да, мындай караганда, анткени киши өлтүрүп жатат да.Анан ким эле ошол нерсени моюнуна алгысы келсин,Кудай алдында ким эле күнөөкөр болгусу келсин.Мурда түшүнүк башкачараак эле, мекен үчүн душманын жок кылуу,чыккынчыны аябоо ж.б. деген бар эле (балким,атеисттик көз караштан улам болсо керек),азыр көз караштар башка да,кыйын гооо...
21.05.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуум жазасын киргизиш керек ошондо тынчыйт
21.05.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ элдин алдында!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-23 15:01:31
23.05.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malik92, провокацияга жол жок! Эскертүү!
21.05.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Олум жазасы", "Омур бою эркинен ажыратуу" деп ойлонуп отургуча, ошол ПЕДОФИЛДИ жабыркаган адамдын ата-энесине, элге салып бериш керек ТАШ БАРАНГА алып олбогудой кылып, кайра улантып 10-15кун, олум жазасынанда хуже болот. Олум жазасында оной эле олум болуп калатда бир ок менен. А ОМУР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУДА тем более жаны кыйналбайт. Ошондо мин мас абалдагы ою бузук адамдар да кичине ойлонуп иш кылат беле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: