super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Биринчи мугалимим мектепте шоктук кылсам, өпкөмдү жулуп колума карматып коёр эле"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Менин биринчи мугалимим" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин биринчи мугалимимдин аты - Анаркан. Ал менин адабиятка болгон кызыгуумду арттырып, Манас баянын айтканды, көркөм окуганды үйрөткөн. Бирок шартка байланыштуу мен анын колунда бир жыл эле билим алып калдым. Азыр ага жолукканымда тизелеп отуруп ыраазычылыгымды билдирет элем. Билим берген мугалимдердин өмүрлөрү узун, жашоолору ширин болсун!"

"1-класста бизге Тоту деген эжеке сабак берген. Ал эжекебизди аябай жакшы көрчүбүз. Сабакка келгенде кызын апасыныкына таштап, сабактан кийин биз барып алып келчүбүз. Кызын алып келгенге баратканда ушунчалык кубанчу элек, эжекебизге жардам берип жатабыз деп ойлочубуз да. Аябай жакшы көрчүмүн. Бирок чоң класс болгондо деломду карасам, мени анча-мынча жамандап жазып коюптур. Ошондон кийин жакпай калган".

"Менин биринчи мугалимим өзүмдүн таежем болгон. Андан аябай коркчумун, анткени мектепте шоктук кылсам, өпкөмдү жулуп колума карматып коёр эле. Үйдөн да мени катуу окутуп, туура эмес жазып алсам, колумдан чымчып, баракты жулуп ыргытып, кайра жаздырчу. Кыскасы, 1-класста коркуп-үркүп жүрүп эле окугам. Кийин 2-классымда ал турмушка чыкканда апам кайгырып ыйласа, мен жыргагам. Эркиндик деген нерсе менен ошондон бери жакшы таанышмын. Азыр деле ал таежемдикине баргым келбейт".

"Менин биринчи эжекемдин аты Анипа болчу, көзү өтүп кетти. Мени кызындай жакшы көргөн жана мен үчүн дайыма күйпөлөктөгөн адам эле. Балким, бүгүнкү бардык ишмердигим эжекеме байланыштуу чыгар. Чынында, ал менин жашоомдогу эң маанилүү адам экендигин так билем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.05.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кантип эле опконду жулуп колуна карматып койсун
20.05.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элестетип жатам опкосун колуна кармап алып ыйлап жатканын оййййооооо депчи
20.05.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Owondo kancha jolup koluna karmadyn opkondu?tagyraak aityp koyosunbu?
21.05.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zaman2,силер азыркы замандын окуучулары окшойсунар,союз мезгилинде мектепте кутурсан опконду эле эмес башынды да жулуп алгыдай кылып мугалимдер тарбиялап сабак берчу,ага эч ким унчуга алчу эмес,азыр эми урмак тугул мугалим акырая караса да соттошуп тытышып жатып калат.
21.05.2016. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени доскага суздурот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: