ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын бири Икер Касильяс 35 жашка толду

Испания курамасынын дарбазачысы жана учурда португалиялык "Порту" футболдук клубунда ойноп жаткан Икер Касильяс бүгүн 35 жашка толду. Ал 1981-жылы 20-майда Мадрид шаарында төрөлгөн.
Таланттуу дарбазачы 17 жашында "Реалдын" негизги курамасына алынган. 19 жашында ал улуттук курамдын дарбазачысы катары форма кийген.
Касильяс 2008-жылы жана 2012-жылы Европа чемпиондугун, 2010-жылы Дүйнө чемпиондугун уткан Испания курамасынын капитаны болгон. Ал Испаниянын курамында жалпысынан 166 оюнга чыгып, 94 ирет өз дарбазасына гол өткөргөн.
Ал эми клубдук карьерасын "Реалга" арнаган Икер мадриддик клубдун курамында 16 жыл ойногон. Бул аралыкта ал 5 ирет Испания чемпиондугун, 3 жолу Чемпиондор Лигасын жана башка көптөгөн мелдештерди уткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
ATLETICO

20.05.2016. 19:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Икер брат кут болсун денухан. Реалдан бир эле ушуну уважуха!
jumatone

20.05.2016. 21:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам таанышуу бурчу сайтка чыгат дешти эле го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.